• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР экспорттук алымдарсыз берилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча РФ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинети Россия өкмөтү менен экспорттук алымды төлөбөстөн жеткирилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Энергетика министрлиги Россия 2021-жылга алым (пошлина) төлөбөстөн берген бензин боюнча өкмөттөр аралык келишимдин алкагында жылына 460 миң тонна бензин алымсыз Кыргызстанга жеткирилерин маалымдайт.

“Учурда Россия тарап Кыргызстанга 398 миң тонна бензин экспорттоду, дагы 62 миң тонна күйүүчү май келет. Муну менен бирге министрлер кабинети Россия өкмөтү менен экспорттук алымды төлөбөстөн жеткирилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстанда бензин бир катар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан.

Пикир

Оставить комментарий