• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР эл артисти Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты

Маданият 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. III Даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор, Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сардарбек Жумалиевди туулган күнү менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев куттуктады.

“Сиздин искусствого болгон сүйүүңүз жана кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн көп жылдык эмгегиңиз жогору бааланат. Композитордун жана аткаруучунун көп кырдуу таланты, көөнөрбөс чыгармачыл күчү Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кесиптештеринин арасында татыктуу таанылып жана терең урматтоого татыйт.

Кыргызстанда сизди өз ишиңизди сүйгөн, күйүп-бышып, жаңы профессионалдык бийиктиктерди багындырууга талыкпай умтулган жогорку адамгерчилик сапатыңызды баалайбыз. Быйыл, 2021- жылы Сиздин юбилейлик иш-чараңыз жогорку деңгээлде белгиленет", - деди министр өз сөзүндө.

Сардарбек Жумалиев 100дөн ашуун оркестрдик чыгармалардын автору, элдик аспаптар оркестрине 70тен ашуун кыргыз обончуларынын жана композиторлорунун ырларын аранжировкалаган. Алардын катарында "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", " Жаңы жылды тосолу ", "Ысык-Ата Арашан", "Махабат Мекен", "Кетпейм сага жолукмайча" .

Ал тарабынан Чүй облусунун "Сары Өзөн" гимни, "Кыргыз улуттук университетинин гимни", "Токой чарбасынын гимни", "Манас балдар мектебинин гимни", "Кыргызпатентинин гимни", Бишкек шаарынын "Бишкегим" аттуу гимндери жазылган.

Пикир

Оставить комментарий