• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР эл жазуучусу, драматург Султан Раев 60 жылдык мааракесин белгилөөдө

Маданият 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург жана мамлекеттик ишмер Султан Раев бүгүн өзүнүн 60 жаш мааракесин белгилөөдө.

Султан Раев көптөгөн белгилүү чыгармалардын автору. Алар –“Чаң жолдон башталып”, “О кыздар”, “Пусун”, “Күн кармаган бала”, “Ханышанын көз жашы”, “Тайамам”, “Суфлер” жана “Жанжаза”.

Ал ошондой эле өзүнүн, Кыргызстандын жана дүйнөнүн белгилүү классиктеринин чыгармаларынын театралдаштырылган оюндарынын сценарийинин автору.

Раевдин "Маң" драмасынын негизинде даярдалган спектакль Бишкекте өткөн Х республикалык театралдык фестивалда Гран-При утуп алган. Драма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде көрүүчүлөргө тартууланган.

Анын чыгармалары орус, украин, кытай жана көптөгөн башка тилдерде чыгарылган.

Раев бир гана жазуучу эмес, драматург жана театралдык режиссёр катары да абдан белгилүү. Анын театралдаштырылган спектаклдары Кыргызстанда жана чет жактарда көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет.

Алардын көпчүлүгү улуттук сыйлыктарга ээ болуп, биринчи орундарды ээлеп, эл аралык фестивалдарда жана сынактарда гран-прилерди багындырышкан.

Раев өзү мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, эл аралык жана улуттук сыйлыктардын ээси.

“Кабар” КУМАнын жалпы жамааты жазуучуну мааракеси менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий