• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР элчилиги Пакистанда "Ак илбирсти сактоо үчүн искусство" көргөзмөсүн уюштурду

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. 7-февраль күнү Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги, Пакистандын "Ак илбирс" фонду менен бирдикте Исламабад шаарында айлана чөйрөнү коргоо дипломатиясынын алкагында "Ак илбирсти сактоо үчүн искусство" көргөзмөнсүн уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөнүн ачылышына Исламабаддагы дипломатиялык корпустун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, Пакистан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр катышкан.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргызстандын элчиси Э. Бейшимбиев сөз сүйлөп, 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк ак илбирс форуму биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлгөнүн билдирген. Аны менен бирге анын жыйынтыгында ак илбирс жана экосистеманы коргоо боюнча Глобалдык программанын башталганын, жыл сайын 23-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти сактоо күнү уюштурулганын айтып өткөн.

Иш-чарада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылып, Кыргызстан жана ак илбирс жөнүндө роликтер көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий