• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчилиги социалдык тармактарда айтылган Казакстандагы кыргызстандык аялды издөөдө – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда кыргызстандык аял Казакстанда жалгыз көчөдө калганы тууралуу таратылып жаткан билдирүүлөргө байланыштуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги аял аялга жардам берүү үчүн анын кайсы жерде экендигин тактоо боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда, ал аял Казакстандын Караганды шаарында жалгыз көчөдө калганы айтылат.

"Ал жаран тууралуу маалыматы (Аты-жөнү, туулган жери ж.б.) барлар Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине + 77774733009, + 77761248833 номерлери боюнча кайрылууларын өтүнөбүз", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий