• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР элчиси АКШ президентинин жардамчысынын орун басары менен виза маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. 4-февралда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Б.Отунбаевдин АКШ президентинин жардамчысынын орун басары - АКШ Улуттук коопсуздук кеңешинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча башкы директору Л.Кертис менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын иммиграциялык визалар берүүсү чектелген өлкөлөрдүн тизмесине Кыргыз Республикасын киргизүү маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын бул тизмеден четтетүү боюнча андан аркы пландарды талкуулады. Бул маселе АКШ тарабынан техникалык жагынан гана каралганын жана бирге ишти алып барууга даярдыгын билдирди Л.Кертис.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү өлкөнүн санариптештирүү деңгээлин жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп, анын ичинде улуттук паспорттордун коопсуздук деӊгээлин жогорулатуусу маанилүү аспект болуп саналганын Б.Отунбаев белгиледи.

Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кыргыз-америка мамилелерин куруу үчүн бирге ишти алып барууга кыргыз тарабынын даяр экендиги Америка тарабына тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий