• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Азербайжандын санариптик өнүктүрүү жана транспорт министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжандын санариптик өнүктүрүү жана транспорт министри Рашад Набиевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

25-апрелде болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон иш сапарынын жемиштүү жыйынтыктарын, бул келечекте эки тараптын мамилелерине кошумча дем берип, кызматташуунун бардык спектринде сапаттык жаңы деңгээлге чыгууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Атап айтканда, төмөнкү маселелер кеңири талкууланды:

- Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аба байланышын калыбына келтирүү;

- Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Каспий деңизи аркылуу паромго жеңилдетилген тарифтерди берүү;

- жүк ташууга уруксаттын бланктарын көбөйтүү;

- кыргыз тарап үчүн азербайжан тараптын спутник системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн практикалык колдонуусу.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган маселелерди изилдөөнү улантуу жана Кыргызстан менен Азербайжандын компетенттүү органдарынын ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий