• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Бейшембиев Пакистан сенатынын төрагасынын орун басары менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан сенатынын төрагасынын орун басары Салиим Мандвивалла менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын өнүктүрүү, иш сапарлары менен алмашуу жана "Пакистан-Кыргызстан" парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

КР элчиси Э.Бейшембиев кыргыз-пакистан мамилелерин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ программасын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий