• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР элчиси Британия ТИМинин Протокол башкы директоратынын директорунун орун басарына ишеним грамотасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Кечээ, 6-апрелде Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Королдук протоколунун Маршалынын жардамчысы, Бириккен Королдуктун Тышкы иштер министрлигинин Протокол башкы директоратынын Директорунун орун басары Алисон МакМилланга ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аңгемелешүүнүн жүрүшүндө элчи Жусупов өлкөгө келгенде ага көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, протоколдун эрежелерине ылайык өзүнүн жакынкы пландары тууралуу маалымат берди.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле дипломатиялык корпус үчүн иш-чараларды талкуулашты. Элчи эки тараптуу кыргыз-британ мамилелерин жогорку кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө - соода, инвестиция, туризм, медицина жана билим берүү тармактарында бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий