• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси Бундестагдын «Германия — БА» парламенттик тобу менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен бирге Германиянын Бундестагындагы «Германия-Борбор Азия» парламенттик тобунун жаңы курамы менен болгон жолугушууга катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кырдаал, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын элчиси Текебаев өлкөбүздү өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Бундестагдын депутаттарын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий