• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Франциянын президенти Эммануэль Макронго ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кечээ, 2-ноябрда Елисей сарайында өткөн салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын президенти Эммануэль Макронго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана президенттин дипломатиялык кеңешчиси Э.Бонн катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Э.Макрон 2021-жылдын 2-ноябрында Глазго шаарында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин алкагында КР президенти С.Жапаров менен жолугушууну өткөнүн жана эки тараптуу форматта жана Борбордук Азия - Франциянын аймактык форматында жогорку деңгээлдеги кызматташтык өнүктүрүүнү белгиледи.

Элчи Садык Шер-Нияз КР президенти С.Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, анын Францияга жакынкы келечекте боло турган иш сапарынын жүрүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Садык Шер-Нияз Франция менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын айтып, буга байланыштуу 2020-жылы Парижде резиденция болгон Кыргызстандын Франциядагы элчилиги ачылганын белгиледи. Келерки жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

Э.Макрон Кыргыз Республикасынын президентине өзүнүн саламын жана жеке каалоолорун айтып, элчиге эки дос мамлекеттин мамилеси өңүгүшү үчүн ийгиликтүү иш каалады.

Пикир

Оставить комментарий