• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Осоев Япония ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын кɵчүрмɵсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 20-февралда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Такэо Мориге ишеним грамотасынын кɵчүрмɵсүн тапшырды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда япон тарабы Эркинбек Осоевди Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ага жаңы кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, алдыдагы эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарга даярдыктын жүрүшүн талкуулады.

Ошондой эле тараптар мындан аркы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн перспективаларын белгиледи.

Т.Мори эки тараптуу мамилелердин бекемдигин жана дүйнөлүк жаңы шарттарында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча эки өлкөнүн жалпы милдеттерин белгиледи. Ал Япониянын Тышкы иштер министрлиги Э.Осоевге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий