• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР элчиси Исламабаддын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Күн мурун, 15-ноябрда “Инвесторлордун күндөрү” программасынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Мухаммад Шакил Мунир менен жана палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи У.Тотуяев пакистандык тарапка Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук кеңири мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Элчи У.Тотуяев айыл чарба, тамак-аш, энергетика, текстиль жана фармацевтика секторлору, IT индустриясы жана туризм сыяктуу экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун зор потенциалына палатанын ардактуу мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду.

Кыргызстандын элчилиги Исламабаддын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы, ошондой эле жеңил жана тамак-аш өнөр жайындагы инвестициялык долбоорлор тууралуу маалыматты тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын элчилиги Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ардактуу мүчөлөрүн 2022-жылы Бишкекте өтө турган кезектеги кыргыз-пакистан бизнес форумуна катышууга чакырды.

Пакистан тарап өз кезегинде Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун кароого даяр экендигин билдирип, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда тике ишкер байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий