• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР элчиси Италиянын Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитет төрагасы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кечээ, 9-февралда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев менен Италиянын Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Пьеро Фасинонун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине шайлоодо Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясын жетектеген Марина Берлингери дагы катышты.

Жолугушуу учурунда элчи Т.Базарбаев маектешине Кыргызстандагы маанилүү саясий өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берип, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө, жаңы Конституцияны кабыл алууга жана башкаруунун жаңы формасын киргизүүгө көңүл бурду. Элчи ошондой эле депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, эл аралык байкоочулардын, анын ичинде Европа Кеңешинин жана ЕККУнун миссияларынын курамында Италия парламентинин депутаттарынын оң баасын белгиледи.

Тараптар кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда визиттерди алмашуу ниетин ырасташты. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин тийиштүү комитеттеринин ортосундагы жолугушуулар жана алмашуу сапарлары аркылуу кызматташууну активдештирүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Элчи Т.Базарбаев жогорку жана бийик деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Италия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн урматына биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар ошондой эле Борбордук Азиядагы азыркы кырдаал жана Афганистандын айланасындагы окуялар боюнча пикир алмашты, ошондой эле аймактык коопсуздуктун көйгөйлөрү, эл аралык терроризм жана азыркы учурдун башка коркунучтары жана чакырыктары каралды.

Маалымат үчүн: Италиянын депутаттар палатасы Италия парламентинин төмөнкү палатасы болуп саналат, түз жана жалпы шайлоо укугу менен шайланган 630 депутаттан турат. Депутаттар палатасынын төрагасы — Роберто Фико.

Пикир

Оставить комментарий