• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Катардын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.12.21 /Кабар/. 2021-жылдын 29-ноябрында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри, доктор шейх Фалех бин Ахмед Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий