• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Казакстан Чек ара кызматынын башчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директору Ерлан Алдажуманов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандарды жана жүк ташуучуларды кесип өтүүдө учурдагы кырдаалды жана негизги көйгөйлөрдү, учурдагы өткөрүү пункттарынын иштөө режимдерин талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти С.Жапаров жана Казакстандын президенти К.Ж.Токаевдин тапшырмасына ылайык, өнөр жай соода жана логистикалык комплексти куруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар чек ара аймагында жигердүү кызматташууну улантууга жана Кыргызстан менен Казакстандын чек ара зонасында мүмкүн болгон көйгөйлөрдү тез арада жөнгө салууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий