• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР элчиси Кёнгидо Ассамблеясынын Коопсуздук жана мамбашкаруу комитетинин төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кёнгидо Ассамблеясынын Коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Ким Пан Су жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, элчи А.Исмаилова өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалары түрүндөгү куткаруу техникалары менен камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Кёнгидо провинциясындагы сезондук айыл чарба иштерине тартуу маселелерин талкуулады.

Исмаилова Кыргызстандын жарандарынын чоң эмгек потенциалын белгилеп, кыргыз жарандарын EPS системасы боюнча жана сезондук жумуштарга кабыл алууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташууну улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий