• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси кореялык «CJ Group» компаниясынын төрагасы менен соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова «CJ Group» компаниясынын тɵрагасы Кён Шик Сон менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 17-февралында болуп, анда тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты, тактап айтканда туризм, кайра иштетʏʏ ɵнɵр жай секторуна инвестиция тартуу жɵнʏндɵ сɵз болду.

Элчи Кыргызстандын экспорттук мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн жогорулатуу жана башка базарларга Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын экспорттоо ʏчʏн биргелешкен ишканаларды тʏзʏʏнʏ сунуштап, эркин экономикалык аймактарды жана соода-логистикалык борборлорду курууга чакырды.

«CJ Group» компаниясынын тɵрагасы аралдын компаниясынын логистика жана коомдук тамак-аш мекемелери боюнча бай тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Кыргыз тараптын сунуштарын дыкат изилдеп чыгарын айтты.

Маалымат катары: «CJ Group» Корея Республикасындагы бирден бир чоң холдингдердин катарына кирет, анын тʏзʏмʏдɵ 20дан ашык компания бар. Тактап айтканда «CJ Group» логистика, ресторандык бизнес, тамак-аш, медиа жана оюн зоок (ТВ жана радио), интернет аркылуу соода кылуу, фармацевтика тармактарында иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий