• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Исмаилова Корей өрт институтунун президенти менен өрт коопсуздугу жаатында кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Корей өрт институтунун президенти Ким Ильсо менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи А.Исмаилова өрт коопсуздугу жаатында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, атап айтканда, өрт коопсуздугунун системасын өркүндөтүү жана өрткө каршы алдыңкы техникаларды иштетүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

Ошондой эле тараптар өрттү өчүрүү боюнча иш-аракеттерге үйрөтүү үчүн түзүлгөн Кыргыз-Корей окуу-машыгуу полигонун түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандыгн өрткө каршы кызматынын кызматкерлерин Түштүк Кореяга биргелешкен окуудан өткөрүүгө чакыруу, жана ошондой эле 2022-жылы КР ӨКМнин өкүлдөрүнүн Кореяда өтө турган өрт коопсуздугу боюнча ЭКСПО көргөзмөсүнө катышуусу макулдашылды.

Мындан тышкары, институт менен таанышуу болуп, анын жүрүшүндө элчи А.Исмаилова өрткө каршы жаңы жабдыктарды тестирлөө процессине катышты.

Пикир

Оставить комментарий