• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси Кувейт ТИМнин Эл аралык уюмдар департаментинин директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-сентябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагуловдун Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору Абдельазиз Сауд Аль-Джаралла менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи А.Карагулов кыргыз-кувейт мамилелеринин эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуусунун учурдагы деңгээлине жана эки өлкө эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында шайлануучу органдарга бири-биринин талапкерлигин өз ара колдоп келгендигине канааттануусун билдирди.

Департаменттин директору А.Аль-Джаралла БУУ жана анын башка түзүмдөрүндө ийгиликтүү кызматташуу тууралуу пикир менен макул болуп, БУУнун алкагындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрдүн деңгээлинде өз ара кызматташуу тууралуу жеке тажрыйбасын белгиледи.

Тараптар 2021-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы Башкы ассамблеянын алкагында өткөн Кыргызстан менен Кувейттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна жогорку баа берип, жетишилген келишимдерди ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги маселелерде эки өлкөнүн пикирлеринин окшоштугун жана жакшылыка умтулуусун эске алып, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун потенциалы тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.

Жакынкы келечектеги тапшырмалар боюнча 2021-жылдын октябрь-ноябрь айларында Улуу Британияда өтө турган БУУнун аба ырайынын өзгөрүүсү тууралуу Конвенциясынын 26-конференциясына эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусу боюнча маселелерди координациялоо тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий