• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР элчиси Кувейттин Аль-Асыма чөлкөмүнүн губернатору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-сентябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин борбордук Аль-Асыма чөлкөмүнүн губернатору шейх Талал Халед Аль-Ахмад Аль Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи А.Карагулов кыргыз-кувейт кызматташтыгынын негизги жетишкендиктерине токтолуп, тараптардын жакынкы мезгилге болжолдонгон иш-чаралары тууралуу маалымдады. Анын ичинде расмий сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү, эки өлкөнүн элчиликтерин куруу үчүн жер тилкелери менен алмашуу жана башкалар бар.

Ушул жылдын жай мезгилинде Бишкек менен Эль-Кувейт шаарларынын ортосундагы түз аба каттамынын ачылуусу менен кувейттик туристтердин Кыргызстанга болгон агымынын көбөйүүсүн оң натыйжа катары баалады.

Өз кезегинде шейх Талал Аль Сабах Кувейт жарандарынын Кыргызстан тууралуу жакшы ой-пикирлерин белгилеп, эки өлкөнүн жеке жана муниципалдык жактарынын өз ара аракеттенишүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Элчи А.Карагулов Кувейт Араб Экономикалык өнүктүрүү фондуна Кыргызстандагы инфратүзүмдүк долбоорлорго көңүл буруп жаткандыгына жана кувейттик кайрымдуулук уюмдарынын социалдык долбоорлорду өлкөнүн борборунда жана региондорунда ишке ашырып келгендиги үчүн кыргыз тарабынын ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий