• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР элчиси Кувейттин Аль-Жахра провинциясынын губернатору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-ноябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин маданий-тарыхый жана алыскы администрациялык бирдиги Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Провинция жетекчиси Насер Фалах Аль-Хажраф 2021-жылдын жайында кувейттик чоң топ менен биргеликте Кыргызстанга болгон сапардын таасири тууралуу айтып берип, Ысык-Көл жана Суусамыр өрөөндөрү, кыргызстандыктардын сабаттуулугу жана меймандостугу, жогорку маданияты тууралуу белгилеп кетти.

Өз кезегинде элчи Карагулов провинция башчысын элчиликтин келечектеги пландары, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги расмий сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык кызматташтыкты жандантуу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда байланышты бекемдөөгө көмөк көрсөтүүлөрү менен тааныштырды.

Ошондой эле ал, губернатор Н.Аль-Хажрафты Кыргызстанга провинциядагы ишкерлер жана инвесторлор менен келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн туристтик жана азык-түлүк тармагына инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий