• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Марзук Али Аль-Ганим менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын элчиси Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасына КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун Бишкекке чакыруусун тапшырды.

Элчи А.Карагулов кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүү боюнча элчиликтин ишмердүүлүгүнө, анын негизги жыйынтыктарына жана пландарына токтолуп, өлкөлөр ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышына байланыштуу кувейттик туристтердин жана сооданын көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле элчи КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Кувейттин Улуттук Ассамблеясы менен түзүлгөн достук тобу тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде, М.Аль-Ганим КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовго Кыргызстанга келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан менен мындан аркы өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташууга даяр экенин билдирди.

Муну менен катар тараптар социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданият, искусство, билим берүү жана спорт тармагында өз ара аракеттенүү максатында Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий