• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Ѳмүралиев Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. 22-январь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк мамилелеринин күн тартибиндеги маселелери каралып, анын ичинде КР жана Түркия өкмөттөрүнүн стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кенешинин отурумун өткөрүү маселеси айтылган.

Министрликтен билдиришкендей, тараптар кыргыз-түрк өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 9-жыйынынын отурумунда (Анкара шаары, 2019-жыл 22-ноябрь) бекитилген келишимдердин аткарылышын талкуулашкан.

Жолугушууда түрк тарап, 2020-жылдын жай айында Кыргызстанда өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна катышууга даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий