• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси менен Түркиянын башкаруучу партиясынын башчысынын орун басары эки тараптуу мамилелерди активдештирүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Түркиядагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Түркиянын Акыйкат жана өнүгүү башкаруучу партиясынын төрагасынны орун басары Мехмет Мехди Экер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда тараптар Түркиядагы учурдагы кырдаалды, анын ичинде 2017-жылдын 16-апрелинде өтө турган өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди активдештирүү, кызматташтыктык ар түрдүү чөйрөсүн, анын ичинде айыл чарбасы жаатында кызматташтыкты кеңейтүү каралды. Мында Мехмет Мехди Экердин мурда Түркиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана чал чарба министри болуп турганы эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий