• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР элчиси Пакистан Улуттук Ассамблеянын спикери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистан Улуттук Ассамблеянын спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана алмашуу сапарлары, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, Пакистан тарабына Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азия, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна продуктуларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн активдүү колдонуусун сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий