• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Сенатынын Финансы, киреше жана экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, сенатор Мухаммад Талха Махмуд менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы жана өзгөчө Афганистандагы кырдаалды талкуулашты, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерин козгошту. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун багыттары жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоо боюнча пикир алмашты.

Биргелешкен иш сапарларды активдештирүү жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү аркылуу кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө зарылдыгына өзүнчө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий