• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Швейцариянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын президенти Ги Пармеленге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Пармелен Бейшеналиевди Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси кызматына аккредитацияланышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы мындан аркы иши кыргыз-швейцариялык мамилелеринин алдыга өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык кызматташтык, Бреттон-Вуд институттарынын алкагында өз ара аракеттенүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, COVID-19 пандемиясына каршы туруу жана калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясына катышууга көндүрүүнүн маанилүүлүгү боюнча кызматташуу, ошондой эле келерки жылы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын майрамдоо маселелери талкуланды.

Мындан тышкары, А.Бейшеналиев КР президенти С.Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун Пармеленге жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий