• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Түркия ТИМинин саясий кызматташтык боюнча башкы директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. 23-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу саясий кызматташтык боюнча башкы директору Йонет Тезел менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар кандай тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды өткөрүү масалелерин, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын жана коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган Кыргызстандагы кыргыз-түрк ишкерлер форумун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий