• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын айыл жана токой чарба министри Вахит Киришчи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгынын маселелерин, атап айтканда, кадрларды окутуу жана даярдоо, негизги продукцияларга бажы алымдарын төмөндөтүү жолу менен кыргыз айыл чарба продукцияларынын экспортун көбөйтүү (бал, эт, бурчак) талкуулады.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетип чыгуу боюнча биргелешкен өндүрүштү түзүү, ошондой эле айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу максатында элчи Өмүралиев Кыргызстандын айыл чарбасынын негизги багыттары, өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес жүргүзүүнүн шарттары жана ЖПС+ статусуна ылайык Европа биримдигинин рыногуна продукцияны алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий