• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Түркиянын энергетика министри менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. 3-февраль күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын энергетика жана жаратылыш байлыктар министри Фатих Дөнмез менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Жолугушуу учурунда тараптар энергетика жана жер казынасын иштетүү тармактарындагы Кыргызстан менен Түркиянын учурдагы мамилелерин жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, тараптар Түркиянын Энергетика жана жаратылыш байлыктары министрлиги түрк компанияларын Кыргызстандын ГЭСтерди куруу жана кен байлыктарды иштетүү боюнча долбоорлору менен тааныштыра тургандыгын макулдашкан. Анын жыйынтыгында деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн түрк делегациясынын Кыргызстанга иш-сапары уюштурулушу мүмкүн.

Энергетикалык секторго инвестиция тартуу максатында, Өмүралиев Дөнмезге Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жана өлкөбүздөн электр энергияны региондун башка өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берген. Маселен, ал "CASA-1000" долбоору аягына чыккандан кийин Кыргызстан электр энергияны Афганистан, Пакистан жана Индияга экспорттоо мүмкүнчүлүк ала турганын белгилеген. Аны менен бирге КР элчиси, Кыргызстандын жер казынасын иштетүү тармагындагы потенциалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, бизнести жүргүзүүнүн шарттары жана КРнын тышкы соода сатыгы тууралуу маалымат берип өткөн.

Ошондой эле ал, энергетика жана жер казынасын иштетүү тармагындагы Түркиянын мамлекеттик жана жеке компанияларын 2020-жылдын жай айында Ысык-Көл облусунда өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна катышууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий