• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын президенти Янош Адерге ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-мартында Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын президенти Янош Адерге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шандор сарайында ишеним грамотасын тапшыруу аземинен кийин элчи Т.Кушчубеков Венгриянын президенти Я.Адер менен кыргыз-венгер кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бир катар маанилүү маселелерин талкуулады.

Элчи Т.Кушчубеков Венгриянын президенти Янош Адерге КР президенти С.Жапаровдун атынан ысык салам жана жакшы каалоолорду жеткирди.

Элчи Т.Кушчубеков белгилегендей, быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу юбилейлик жылда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана прогрессивдүү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, экономикалык, маданий-гуманитардык мүнөздөгү иш-чараларды, тегерек столдорду уюштуруу.

Венгриянын президентине Кыргыз Республикасындагы бардык саясий процесстердин аяктагандыгы, анын ичинде 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн КР Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, элчи Т.Кушчубеков белгилегендей, быйыл кыргыз тарап Венгриянын премьер-министри В.Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келишин күтүүдө.

Президент Я.Адер Кыргызстандын президентинин жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өз кезегинде КР президенти С.Жапаровго эң жылуу жана достук салам сөздөрүн жеткирүүнү өтүндү, ал эми Кыргызстандын элине тынчтыкты жана бакубатчылыкты каалады.

Венгриянын президенти Я.Адер элчи Т.Кушчубековго Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жолунда жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Ошону менен бирге, элчи Т.Кушчубеков Баатырлар аянтына гүлчамбар коюу аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий