• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР элчиси Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи У. Тотуяев этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экени тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде этникалык кыргыздардын өкүлдөрү элчинин дайындалышы менен куттукташып, кыргыз-пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар этникалык кыргыздардын жана кыргыздарга көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык иштерди жүргүзүү максатында элчи У. Тотуяевдин Пакистандагы кыргыздардын жашаган жерлерине иш сапарын жакын арада уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий