• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР элчиси Тотуяев Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Исламабадда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын президенти Ариф Алвиге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маектешүүнүн жүрүшүндө элчи У.Тотуяев Пакистандын башчысына Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун куттуктоо сөздөрүн узатты.

Пакистандын президенти Ариф Алви Уланбек Тотуяевди Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарын, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Афганстандагы кырдаалды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий