• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР элчиси Венгрия ТИМнин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-январында Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысы Акош Сабо менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысына ишеним грамоталардын нускасы тапшырылды.

Учурдан пайдаланып, А.Сабо Т.Кушчубековду Кыргызстандын Венгриядагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага чоң ийгиликтерди каалады.

Элчи Т.Кушчубеков А.Сабого жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин айтып, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Венгрияда Кыргызстандын элчилигинин ачылышы менен учурдагы кыргыз-венгер мамилелерин тереңдетүү боюнча аракеттер эң натыйжалуу ишке ашарына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий