• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-спикер Ш.Лежак 2022-жылдын 23-24-июнунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын ишине катышууга чакырууну кабыл алды.

Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээли жогорку динамикалуу экенин, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча жакшы натыйжаларга жетишилгенин белгиледи. Элчи Венгриянын парламентарийлери жана мамлекеттик органдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди мындан ары да колдоо көрсөтүүсүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде вице-спикер Ш.Лежак Венгрия Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө маани берерин ырастады. «Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат, биз бир тууган өлкөлөр жана элбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өсүү тенденциясы бар экендиги кубандырат», - деп белгиледи вице-спикер.

Ш.Лежак кыргыз делегациясын 2022-жылдын 12-14-августунда Венгрияда өтө турган түрк элдеринин Курултайына катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Венгрияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий