• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР элчиси өзбек искусство ишмери Б.Закировдун 85 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын эл артисти, Өзбекстандын эстрада искусствосунун негиздөөчүсү Батыр Закировдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын башында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, Өзбекстандын эл артисти Фаррух Закиров жана элчи Ибрагим Жунусов куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Конференциянын катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө элчи И.Жунусов өз өлкөсүн советтер Союзунан тышкары тааныткан өзбек эстрадасынын легендасы Батыр Закировдун ысымы менен Өзбекстанда эстрадалык искусствонун калыптануу жана өнүгүү тарыхында бүтүндөй бир доор байланыштуу экенин белгиледи.

Ал Өзбекстанда көчөлөргө жана искусство мектептерине ысымы ыйгарылган Батыр Закировдун чыгармачылык мурасы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото электигин баса белгиледи. Анын урматына ар жыл сайын өзбек сахнасынын жаш жана белгилүү вокалисттеринин катышуусунда концерттер, көргөзмөлөр жана фестивалдар өткөрүлүп турат.

Быйыл Батыр Закировдун 85 жылдыгы Өзбекстанда кеңири белгиленип жатканын белгилеп, эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжандын, Казакстандын (онлайн түрдө), Өзбекстандын эл жана эмгек сиңирген артисттери, республиканын белгилүү композиторлору, маданият кызматкерлери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Батыр Закировдун чыгармачылык мурасынын улуттук искусствону өнүктүрүүдөгү орду жана маанисин талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында гала-концерт дагы өтүп, анда Батыр Закировдун белгилүү ырлары жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий