• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинде жаңы барак ачылды – элчи Жунусов

Саясат 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин биргелешкен аракеттеринин жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде жаңы барак ачылды. Бул тууралуу 9-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин «Амирсой» лыжа базасына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган «Жаңы Өзбекстандын тышкы саясаты: динамикасы, жетишкендиктери жана келечеги» аттуу тегерек столго катышуу учурунда билдирди.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тегерек столдун катышуучуларына кайрылып жатып, элчи И.Жунусов Кыргызстандын Өзбекстан менен ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалын жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-өзбек өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи.

"Мамлекеттер ортосундагы саясий байланыштар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого толук кызмат кылып жатат", - деп баса белгиледи ал.

Тегерек столго катышуусунун алкагында элчи бак-дарактарды отургузууга да катышты.

Пикир

Оставить комментарий