• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР элчиси жана ӨР ТИМ башчысынын орун басары кыргыз-өзбек кызматташуусун талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков кечээ, Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Анвар Насыров менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташуусунун учурдагы абалын талкуулап, алдыдагы ар кандай деңгээлдеги эки жактуу байланыштар боюнча, анын ичинде Ташкент шаарында апрелдин аягында өтүүчү КМШ тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий