• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР элчиси жана Түштүк Кореянын депутаты эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын парламентине барып, Улуттук ассамблеясынын депутаты, Эл аралык кызматташуу жана биригүү комитетинин төрагасы Сонг Ён Гиль менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын талкуулашты.

“Элчи депутатты Демократиялык партиянын жетишкен жеңиши жана комитеттин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кемелова Кыргызстанда ушул жылдын октябрь айына пландалган парламенттик шайлоо жөнүндө маалымдады.

“Ошондой эле тараптар коронавирус менен күрөшүү, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү, Кыргызстандан Түштүк Кореяга экологиялык таза продукцияны импорттоого карата талаптарды жөнөкөйлөтүү, Түштүк Кореянын Жаңы Түндүк саясатынын демилгесинин алкагында аймактарды, маалымат байланыш технологиясын, туризм, өнөр жай жана транспортту өнүктүрүүдө кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты”, - деп маалымдашты тышкы саясий ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий