• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР эмгек мигранттары юридикалык онлайн-консультацияны соцтармактар аркылуу ала алат

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек мигранттары юридикалык онлайн-консультацияны соцтармактар аркылуу ала алат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында "Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюмунун президенти Светлана Баштовенко билдирди.

Анын айтымында, аталган ресурстук борбор мигранттарга 2012-жылдан тарта жардам көрсөтүүдө. "Учурда жарандардын эң көп кайрылуулары Инстаграм соцтармагы аркылуу келүүдө", - дейт ал.

"Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюмунун соцтармактардагы баракчалары:

Facebook: https://www.facebook.com/rce.kg

Instagram: https://www.instagram.com/rce.kg/

Telegram: @KyrgyzMigrant_bot

Пикир

Оставить комментарий