• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР эмгек мигранттарын кандай жаңы кыйынчылыктар күтүүдө? Эксперттин жообу

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Пандемия учурунда мигранттар калктын аярлуу катмарын толуктап, бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында "Борбор Азия кыймылда" жарандык өнөктөштүк платформасынын координациялык комитетинин төрайымы Нурия Темирова билдирди.

Анын маалыматына караганда буга чейин мигранттар төмөнкү кыйынчылыктарга туш болгон:

- жумушсуз калуу;
- акча каражаттын тартыштыгы;
- бир үйдө көп болуп жашоосу (эпидкырдаалды эске алганда);
- саламаттык сактоо тармагына кайрылуудагы оорчулук;
- эпидкырдаал тууралуу маалыматтын эне тилде жок болуусу;
- мектептердин жабылуусу: онлайн түрдө окутууга керектүү материалдын жоктугу, үйдүн тардыгы ж.б.

"Кайрылгандардын 80%ы кыргыз мигранттары болгон. Алар иш берүүчүлөр тарабынан укук бузуулар боюнча кайрылган", - дейт ал.

Темирова эмгек мигранттарын кандай жаңы кыйынчылыктар күтөөрүн айтты:

- мекенине кайткан мигранттар каржы жана жумушсуздук көйгөйүнө туш болду;
- Россияга кайтуу үчүн аба каттамдарындагы чектөөлөр;
- медициналык кароодогу баалардын көтөрүлүшү;
- мигранттарга эмгек акы жана жаңы талаптардын коюлушу;
- Россияга барган мигранттарга болгон эреженин өзгөрүшү;
- мигранттын Россиянын аймагында убактылуу жашоо каттоосун кыска, узак жана туруктуу жашоого өзгөртүү пландалууда;
- чет элдик жаран Россияда 30 суткадан көп кала турган болсо документтештирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий