• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов: Акыркы 6 жылдагы жакшы иштерди улап кете турчу Сооронбай Жээнбековду шайлайлы!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Эгемендиктин жылдарында кандай гана саясатчыларга алдандык, көп жолу оозубуз күйдү, деп кайрылды Кыргыз Республикасынын Эмгексиңирген артисти Күмөндөр Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Нарын областынын Ак-Талаа районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

«Мен буга чейин алдыңарга эки жолу келдим, кимдер менен келгенимди билесиздер. Анткени ушулар иштейт экен, МТС курат экен, шайлоо боло электе эле иштешет экен деп ишенип келгем. Өлкөнү кой, айылыңарга суу чыгарып беребиз, тигини-муну кылып беребиз, мына Күмөндөр уулуңар турат деп мени күбөгө тартышкан эле, кийин айылыма бара албай калдым. Анан мен дагы ойлондум - акыркы алты жылда революциялар болгон жок, мурдагыдай көп пикет, жол тосуулар болгон жок, акыркы алты жылда азамат уулдарыбыз атылган жок. Буга чейин 100гө жакын балдарыбыз атылып кетти, ага чейин ишмерлер, спортсмендер, каскадерлор да атылды, мындай окуялар акыркы алты жылда болгон жок. Анан калыстык менен ойлонуп көрсөм, ушул партияга, ушул адамга ынанат экенсиң. Себеби, бул адамдын үй-бүлөсү да чынчыл», - деп белгиледи Күмөндөр Абылов.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков тууралуу бир да жаман сөз ММКларда, соцбаракчаларда чыккан жок. «Бир да гезит же телеканалдар жамандай албады, себеби эч кандай фактылар жок. Анткени ал ар бир ишинде тубаса кесипкөйлүгү, билими менен ушундай даражага келип отурат. Биздин талапкер жер сатпады, баалуу кендерди эчкимге сатып ташып кеткен жок. Акыркы алты жылда жакшы-жакшы иштер башталып атат, ушуну улап кете турган Сооронбай Жээнбековду шайлашыңызды мен сиздерден суранам!», - деди Күмөндөр Абылов.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий