• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР эмгек сиңирген юристи Жеңиш Досматов 72 жаш курагында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Жеңиш Досматович Досматов 1945-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөн. Эмгек жолун 1976-жылы Юстиция министрлигинин сот органдарынын башкармалыгынын консультанты болуп баштаган. 1977-1982-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь районунун судьясы. Андан соң Фрунзе шаардык сотунун мүчөсү. 1983-жылдын 1996-жылга чейин Жогорку Соттун мүчөсү болуп, 1996-2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жеңиш Досматовго «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген юрист» деген наам берилген жана өкмөттүк бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

“Кыргыз Республикасынын жалпы сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот ардагерлери Жеңиш Досматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана орду толгус жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий