• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Эсеп палатасы жана Дүйнөлүк банк кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. КРнын Эсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова Мамлекеттик башкаруу боюнча глобалдык практиканын алкагындагы сатып алуулардагы чечимдер жана инновациялар маселелери боюнча менеджер, Борбордук Азия жана Европа аймактары үчүн жооптуу В.Кришнакумар баштаган Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Эсеп палатасынын аппаратынын жетекчиси Нурпаис Осмонов, сатып алуулар боюнча улук адис жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча сатып алуулар боюнча команданын жетекчиси Ахмед Мерзук катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Көбүнчө мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформа маселелерин, КРдагы Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлордун алкагындагы келишимдерди башкаруу тармагындагы тобокелдин төмөндөшүн талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар алдыдагы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артып жатышканын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий