• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Эсеп палатасынын адистери БА Эл аралык окуу жайынын студенттери үчүн лекцияларды өткөрүштү

Экономика 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. КР Эсеп палатасынын адистери Бишкектеги Борбор Азия Эл аралык университетинин 4-курсунун студенттери үчүн лекцияларды өткөрүштү.

Окуулар “Финансы жана салык көзөмөлү” курсунун алкагында уюштурулган, - деп билдирет КР Эсеп палатасынын басма сөз кызматы.

Студенттерге Эсеп палатасынын статусу, ролу жана аткарган функциялары, төрага жана сегиз аудитордон турган Эсеп палатасынын Кеңешинин ыйгарым укуктары жана аларды тандоо жолдору тууралуу айтып беришти.

“Окуунун алкагында негизги басым Эсеп палатасынын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптери жана багыттары, аудитордук иш-аракеттерди пландоо, аудиттердин түрү жана аларды өткөрүүдөгү эрежелерге бурулду”, - деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар өздөрү кызыккан суроолорго жоопторду алууга мүмкүндүк түзүлгөн. Негизинен коррупция менен күрөш, аныкталган бузуулардын түрү, Эсеп палатасынын башка мамлекеттик органдар менен, анын ичинде укук коргоо, эл аралык уюмдар менен кызматташуусуна байланышкан суроолор берилген.

Лекция аяктаганда катышуучуларга белектер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий