• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Финансы министрлиги менен “Газпромбанк” кызматташуу меморандумуна кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. КР Финансы министрлиги менен Россиянын “Газпромбанк” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолугушуусунун алкагында болуп өттү.

Жолугушууда ошондой эле тараптар финансы институттары ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, акча-кредит саясаты маселелери боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий