• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР футбол боюнча курамасы Индонезияда TSUNAMI CUP-2017 турнирине катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. КРнын футбол боюнча олимпиадалык курамасы Индонезияда TSUNAMI CUP-2017 турнирине катышат. Мелдештер 29-ноябрдан 8-декабрга чейин өтөт деп билдирет КРФФ.

Турнирге Монголия, Брунея жана Индонезиянын курама командалары катышат.

Курама турнирге Индонезии-2018 азиялык оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында катышат.

Кыргызстандын курамасы турнирге КРФФ футбол базасында даярданып башташты.

Пикир

Оставить комментарий