• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР футбол курамасынын дарбазачылары бадминтон ойношту (сүрөт)

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын дарбазачылары бөтөнчө машыгуу өткөрүштү. Топ менен ойноого көнгөн дарбазачылар бадминтон ойношкон. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.

Оюнду Матяш-Акималиев тобу аз айырмачлык менен утуп алган.

Дарбазачылардын машыктыруучусу Закир Жалилов мындай машыгуулар алар үчүн пайдалуу экенин айтат.

“Мындай машыгуулар шамдагайлыкты арттырууга жардам берет. Ошондой эле узак машыгууларда мээни эс алдырат”, - дейт Жалилов.

Белгилей кетсек, Павел Матяш 2009-жылдан бери курама командада ойноп келет. Ал эми Калысбек Акималиев ушул жылы Азербайжан менен болгон жолдоштук мелдеште алгачкы ирет курама команданын оюнуна чыккан.

Пикир

Оставить комментарий