• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Ниязбеков Ички иштер министрлиги Кытай тарап менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө умтула берерин билдирген.

“Белгилүү болгондой, 2019-жыл биргелешип аткарган жемиштүү иштерибиз менен, алдыга койгон пландарыбыздын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен эсте калды. Ал эми, өтүп бара жаткан 2020-жыл биздин тыгыз кызматташуубузга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул аралыкта биз жаңы кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болдук. Ага карабастан биз кызматтык жана адамдык мамилелерибизди мындан ары дагы бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз”, - деген Ниязбеков.

Ду Дэвэнь ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган. Аны менен бирге Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин башчысынын атынан куттуктоо катын тапшырган.

Ду Дэвэнь эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө багытында активдүү иштерди жүргүзүп жаткандыгы үчүн КР Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирген. Кыргыз-кытай мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызмытташтыкты кеңейтүүгө салым кошуу үчүн КР Ички иштер министрлиги менен мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин белгилеген.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар терроризм жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүү багытындагы биргелешкен иштерди талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий